Кадамжай районунун Пидап тилкесиндеги газдын кору изилденет

Аймак 25 Декабрь 2025 17:11
604810392_1406957427464375_8364838812015075958_n.jpg
603080186_1406957384131046_3870376589236370079_n.jpg
604561613_1406957377464380_1536639872891522203_n.jpg
604700239_1406957420797709_2211949569325721594_n.jpg
Алдыга
Артка
604810392_1406957427464375_8364838812015075958_n.jpg
603080186_1406957384131046_3870376589236370079_n.jpg
604561613_1406957377464380_1536639872891522203_n.jpg
604700239_1406957420797709_2211949569325721594_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Баткендин Пидап участкасындагы газдын кору изилденет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Айбек Шаменов Кадамжай районунудагы Пидап участкасындагы пайдаланылбай турган газ скважиналары жайгашкан аймакка барган.

Ал жеринде район акими Болот Баяке уулуна аймакта газдын запасын аныктоо боюнча иш чараларды жүргүзүү, тийиштүү министрликтерге изилдөө жүргүзүү боюнча сунуш каттарды жиберүүнү, адистер менен бирге иш алып барууну тапшырган.

Белгилей кетсек, аталган аймакта 2007-2014-жылдар аралыганда Кытай компаниясы тарабынан мунайгаз чыккан жерлерди изилдөө, чалгындоо жана бургулоо боюнча геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Бирок, ири суммадагы каражат керектелгендиктен иш токтоп калган. Бүгүнкү күндө аймактагы газдын кору боюнча так маалымат жок.