"Кабардын" директору: Көчмөндөр оюндары элдерди жакындаткан маданий көпүрө — Кабар

"Кабардын" директору: Көчмөндөр оюндары элдерди жакындаткан маданий көпүрө

Коом 30 август 2026 11:10
WhatsApp Image 2026-08-30 at 08.01.27.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 30.08.26 /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маданий айырмачылыктарга карабастан, элдердин өз ара баарлашуусуна, тажрыйба алмашуусуна жана жакындашуусуна өбөлгө түзөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев Ысык-Көлдө өтүп жаткан КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңешинин 35-отурумунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө активдүү даярдыктар жүрүп жатат. Анын ичинде негизги иш-чаралар өтө турган объектилер жана аянтчалар даярдалууда.

Ал Кыргызстан үчүн конокторду татыктуу тосуп алуу, элибиздин салттуу меймандостугун көрсөтүү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү өтө маанилүү экендигин белгиледи.

Мындан сырткары, “Кабар” агенттиги да ири эл аралык иш-чараны кеңири чагылдырууга даярданып жатканына токтолду.

“Биздин негизги максат — коомчулукту мелдештер жана маданий иш-чаралар өтүп жаткан жерлерден түздөн-түз ыкчам жана үзгүлтүксүз маалымат менен камсыз кылуу” — деди директор.

Шерметалиев жыйынга катышып жаткан маалымат агенттиктеринин жетекчилерин да Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кеңири чагылдырып берүүгө чакырды.

“Урматтуу кесиптештер, ушул жерден сиздерге кайрылып, колдоо көрсөтүп коюуңуздарды өтүнгүм келет. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — эл аралык масштабдагы маанилүү иш-чара. Ошондуктан биз үчүн анын алкагындагы маалыматтардын Кыргызстандын чегинен тышкары кеңири жайылышы абдан маанилүү.
Сиздердин маалымат агенттиктериңиздерде Оюндар тууралуу жаңылыктар, репортаждар жана башка материалдар үзгүлтүксүз жарыяланып турса, абдан ыраазы болот элек”,— деп сөзүн жыйынтыктады ал.