"Кабар" ШКУ форумун өткөрүүгө колдоо көрсөткөн "Шоро" компаниясына ыраазычылык билдирет

Бизнес Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 13:50
WhatsApp Image 2026-07-30 at 17.45.26.jpeg
copyright icon Кабар Жаныбеков Мирлан

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги 27-30-июль күндөрү Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМКларынын жана аналитикалык борборлорунун форумун өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн "Шоро" ЖАКка терең ыраазычылык билдирет.

WhatsApp Image 2026-07-30 at 11.50.10 (1).jpeg

Форумдун жана анын алкагында уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө "Шоро" компаниясы катышуучуларды өзүнүн улуттук суусундуктары жана таза суусу менен камсыздап, чет өлкөлүк жана ата мекендик делегаттарга кыргыз элинин меймандостугун жана улуттук суусундуктарынын өзгөчө даамын тартуулады.

"Шоро" ЖАК Кыргызстандын тамак-аш өнөр жайындагы эң динамикалуу ишканалардын бири болуп саналат. Компания кыргыз элинин салттуу суусундуктарын жана минералдык сууларын өнөр жайлык негизде өндүрүү боюнча өлкөнүн лидери катары таанылып, ата мекендик тамак-аш өнөр жайынын сыймыгы болуп келет.

WhatsApp Image 2026-07-30 at 11.50.12.jpeg

Компаниянын тарыхы 1992-жылдын 29-майынан башталат. Компаниянын мурдагы ппрезиденти Таабалды Эгембердиевдин демилгеси менен негизделген ишкана кыргыздын улуттук суусундугу болгон "Максым-Шоро" өндүрүшүн жаңы деңгээлге көтөрүп, аны өнөр жайлык негизде чыгарган алгачкы компаниялардын бири болду. Бүгүнкү күндө "Шоро" дүйнөдө максымды толугу менен механизацияланган технология менен өндүргөн уникалдуу ишкана болуп саналат.

Азыркы учурда компаниянын ассортиментине "Максым-Шоро", "Тойбос", "Тагай", табигый кымыз, ошондой эле "Легенда", "Арашан", "Байтик", "Ысык-Ата", "Жалал-Абад", "Шоро-Суу", "Кара-Кече" жана "Бишкек" сыяктуу белгилүү минералдык жана ичүүчү суулар кирет. Компаниянын продукциясы Кыргызстанда гана эмес, чет мамлекеттерде да жогорку суроо-талапка ээ.

WhatsApp Image 2026-07-30 at 11.50.14.jpeg

"Шоро" улуттук суусундуктарды өндүрүү менен бирге кыргыз элинин салт-санаасын сактоого, жаш адистерди колдоого, заманбап технологияларды киргизүүгө жана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Бүгүнкү күндө компания Кыргызстандын улуттук бренддеринин бири катары өлкөнүн оң имиджин калыптандырууга жана аны дүйнөгө таанытууга олуттуу салым кошууда.

"Кабар" агенттиги "Шоро" компаниясынын форумду өткөрүүгө кошкон салымын жогору баалайт жана көрсөтүлгөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет. Мындай социалдык жоопкерчиликтүү бизнестин катышуусу эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө, Кыргызстандын улуттук бренддерин дүйнөгө таанытууга жана өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого өбөлгө түзөт.