“Кабар” агенттиги “Супара” этнокомплексине колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет

Бизнес Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 15:15
IMG_2084.PNG
copyright icon Кабар

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы алдында уюштурулган ЖМК жана аналитикалык борборлорунун 27-30-июлунда өткөн форумуна колдоо көрсөткөн үчүн Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги “Супара” этнокомплексине терең ыраазычылык билдирет.

Эл аралык иш-чарага келген чет элдик делегаттарга кыргыз элинин меймандостугунун белгиси катары тартууланган “Supara Talkan” таттуулары эсте каларлык белек болуп калды. Талкандан жасалган нукура таттуулар Кыргызстандын улуттук ашканасынын кандай бай экенин көрсөттү жана конокторду жылуу кабыл алуунун символуна айланды.

“Супара” – кыргыздын улуттук баалуулуктарын заманбап шартта даңазалап келе жаткан ата мекендик компания. Кылымдан бери келе жаткан каада-салтты, улуттук ашкананы, кыргызга гана мүнөздүү болгон маданиятты заманбап шарт менен айкалыштырып, туризмге ат көтөргүс салым кошууда.

Бүгүнкү күндө “Супара” экосистемасына “Супара Чуңкурчак”, биринчи кыргыз этно-фастфуд “Кыргыз Сонундук” жана автордук “Супара Талкан” таттуулары кирет. Бул ар бир долбоор улуттук баалуулуктарды сактоого, чет элдик конокторго кыргыздын бай маданиятын тааныштырууга жана аны келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү үчүн опол-тоодой иш жүргүзүүдө.

Ата мекендик бренддин экосистемасында “Супара Талкан” таттууларынын өзгөчө орду бар. Себеби, ал мурас болуп келе жаткан улуттук ашканага шыктанып, автордук кошулмалар менен жасалган кыргыздын таттуу продукциясы.

Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы алдында уюштурулган ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форумун уюштурууга кошкон салымы үчүн “Супара” этнокомплексине “Кабар” маалымат агенттиги терең ыраазычылык билдирет.