Израилден 100 миң жыл мурда жөрөлгөсү менен көмүлгөн адамдардын сөөгү табылды

Дүйнө Загрузка... 25 Июль 2025 13:55
WhatsApp Image 2025-07-25 at 10.58.34.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 25.07.25 /Кабар/. Израилдин борбордук бөлүгүндөгү Тиншемет үңкүрүнөн археологдор болжол менен 100-110 миң жыл мурда көмүлгөн адамдардын сөөктөрүн табышты. Алар буту-колу бүктөлгөн абалда (түйүлдүк позасында), атайын казылган чуңкурларга көмүлгөнүн Associated Press агенттигине таянып, Рен.тв билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, изилдөөлөр 2016-жылы башталган. Андан бери эки адамдын бүтүн сөөгү, үч баш сөөк жана башка көптөгөн сөөк бөлүктөрү жана тиш сыныктары табылган. Ошондой эле алардын арасынан жаныбарлардын сөөктөрү, кызыл охра (боёк), таштар чыккан. Бул табылгалар ошол мезгилде эле жерге берүү жөрөлгөлөрү болгонун жана адамдарда руханий түшүнүк калыптанганын көрсөтөт.

Изилдөөгө жетекчилик кылган профессор Йоси Зайднердин айтымында, бул — адамдардын аң-сезимдүү түрдө көмүлгөндүгүнүн алгачкы далили.

Азырынча бул адамдар кимдер болгону аныктала элек. Ал учурда Израиль Африка менен Европанын ортосундагы көчмөн жолдордун кесилишинде жайгашкан деп айтылат маалыматта.