Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Израиль Газа секторунда ок атышууну токтотууга макулдугун билдирди. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп The Truth Social социалдык тармактагы баракчасына жазганын Интерфакс маалымдайт.
Трамптын айтымында, Израиль 60 күндүк ок атышпоо келишимин түзүү процессин аяктоо үчүн зарыл болгон шарттарга макул болду. Эми биз бардык тараптар менен согушту токтотуу үчүн иштейбиз", - деди АКШ президенти.
Ал белгилегендей, шейшемби күнү америкалык өкүлдөр Газа боюнча израилдиктер менен узак жана жемиштүү жолугушуу өткөрдү.
"Жакынкы Чыгыштын жыргалчылыгы үчүн ХАМАС бул келишимге макул болот деп үмүттөнөм, анткени мындан ары абал жакшырбайт, начарлай берет", - деп баса белгиледи америкалык лидер.