Израил армиясы Ирандан ракета учурулганын билдирди

Дүйнө Загрузка... 20 Июнь 2025 13:13
2023794414_0_161_30.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. Израилдин коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Telegram-каналында Ирандан ракета учурулганын, израилдик абадан коргонуу күчтөрү аларды тосуп жатканын РИА Новости агенттиги билдирди.

"Бир нече убакыт мурун Израилдин коргоо армиясы Ирандан Израилдин аймагына карай атылган ракеталарды тапкан. Коргонуу системалары коркунучту жоюу үчүн иштеп жатат", - деп айтылат армиянын билдирүүсүндө.

Израил армиясы бир катар аймактарында абадан айгай салынып, тургундарды коопсуз жерлерде ракеталык чабуулдан коргонууга чакыргандыгын маалымдады.

Иран-Израил конфликтинин күчөшү

13-июнга караган түнү ЦАХАЛ Иранга каршы кеңири масштабдагы операция баштаган. Тель-Авив Тегеранды жашыруун аскердик-өзөктүк программасын ишке ашырып жатат деп айыптаган.

Израилдин аба күчтөрү аскердик буталарга жана өзөктүк жайларга сокку урууда.

Тель-Авив операция мамлекеттин сакталып калышына коркунучту жоюу максатын көздөй турганын билдирди.

Чабуулдардан Ирандын жогорку даражалуу аскерлери, анын ичинде республиканын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) башчысы, ошондой эле бир катар окумуштуулары каза болду.

Натанза, Фордо жана Исфахандагы өзөктүк жайлар, өлкөнүн түндүк-батышындагы армия жайгашкан жерлер соккуга дуушар болушкан.

Иран атомдук долбоорунун аскердик түзүмүн четке кагууда.

Ислам Республикасы "Правдивое обещение — 3" деп аталган жооп кайтаруу операциясын баштап, каршылашынын аскердик буталарына кол салган.

Эки тараптан тең куралдуу соккулар турак жайларга кирип, жарандардын өлүмү көбөйүүдө.

Ондогон курман болгондор жана жүздөгөн жабыркагандар бар экенин Израилдин жана Ирандын маалымат каражаттары билдирүүдө.

Эки тарап күнүнө бир нече жолу бири-бирин көздөй сокку урушууда.