Израиль 42 палестиналыкты бошотту

Дүйнө Загрузка... 27 Февраль 2025 09:16
WhatsApp Image 2025-02-27 at 06.12.00.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Израиль бийлиги Газа тилкесиндеги ок атышпоо келишиминин биринчи этабына ылайык, 42 палестиналыкты бошотту. Бул тууралуу ТАСС WAFA маалымат агенттиги билдиргенин жазды.

Маалыматка караганда, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги палестиналык аймактагы Рамалла шаарына 37 адам келди. Дагы бешөө Иерусалимге жеткирилди.

Буга чейин араб телеканалдары Кызыл Ай коомуна таандык автобус Рамаллага барганын, ал жерде калың эл тосуп алганын көрсөткөн.

Израиль бошоткон топко 641 палестиналык кирди, алардын ичинен 151и өмүр бою эркинен ажыратылгандар жана камакка алынган 445 газалык тургун, арасында 45 аял жана балдар дагы бар.