Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Түркиянын Измир провинциясындагы токойдо өрт чыгып, жашоочулар коопсуз жерге эвакуацияланды. Алардын турак жайларына коркунуч жаралууда. Кеминде эки үй жабыр тартты.
Известия маалымдагандай, тилсиз жоо шамалдан улам токтобой, жайылууда. Өрттү өчүрүүгө 14 тик учак, суучулдар, өрт өчүрүүчүлөр, атайын техникалар тартылганы айтылды.
Измирдин губернатору Сулейман Эльбан өрт Фоча жана Алиага райондорун да каптап жатканын билдирди.