Измирде Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Саясат Загрузка... 09 Апрель 2026 10:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Түркиянын Измир шаарында Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштары, экспорт мүмкүнчүлүктөрү, кызматташуу багыттары жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Катышуучулар тарабынан презентациялар көрсөтүлүп, долбоорлор жана кызматташтык багыттары боюнча баяндамалар жасалды.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков белгилегендей, мындай форматтагы иш-чаралар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ. Эки өлкөнүн ишкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, өз ара инвестицияларды көбөйтүү жана туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар ортосунда кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.