Изилдөө: Депрессия белгиси барлар “лайктарга” көбүрөк маани бериши мүмкүн

Коом Загрузка... 17 Июль 2026 12:00
WhatsApp Image 2026-07-17 at 11.51.58.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Социалдык тармактардагы колдоону билдирген реакциялар, анын ичинде “лайктар”, депрессия белгилери байкалган адамдар үчүн башкача кабыл алынышы мүмкүн. Бул тууралуу JAMA Psychiatry журналы жарыялаган жаңы изилдөөгө таянып, Известия билдирди.

Изилдөөчүлөр анда социалдык тармактагы 7 миң 736 колдонуучуга таандык 17 миллиондон ашык билдирүүнү талдап чыгышкан. Адистер катышуучулардын психологиялык абалын бир нече ыкма менен баалап, алынган жактыруулардын саны адамдын кийинки күнү кайрадан пост жарыялоо ыктымалдыгына кандай таасир этерин изилдешкен.

Жыйынтыгында депрессия белгилери көбүрөк байкалган колдонуучуларда постко көп реакция келген учурда кайрадан жарыялоо каалоосу күчтүүрөөк болгону аныкталган. Башкача айтканда, социалдык тармактагы оң пикирлер алар үчүн байланыш түзүүнү улантууга көбүрөк түрткү берген.

Окумуштуулар бул жыйынтык күтүүсүз болгонун айтышат. Анткени мурда депрессияга кабылган адамдар жакшы нерселерден азыраак кубанат деп эсептелчү. Бирок жаңы изилдөө көрсөткөндөй, социалдык тармактагы колдоо жана жактыруулар мындай адамдар үчүн өзгөчө мааниге ээ болушу мүмкүн.

Адистер бул изилдөө “лайктар” депрессияны айыктырат же адамдын психологиялык абалын жакшыртат дегенди билдирбей турганын эскертишет. Иш жөн гана социалдык тармактагы колдоого болгон реакциянын өзгөчөлүгүн көрсөтөт.

Психологдордун айтымында, адам үчүн жактыруунун саны эмес, анын артындагы көңүл буруу маанилүү. Башкача айтканда, адам өзүн байкалган, угулган жана колдоого алынгандай сезиши мүмкүн. Социалдык тармактар бул сезимди лайк, комментарий жана жазылуучулардын саны аркылуу көрсөтүп калды.

Ошол эле учурда адистер социалдык тармактардын психикалык ден соолукка тийгизген таасирин бир гана платформа менен байланыштырууга болбой турганын белгилешет. Ага адамдын жашы, айлана-чөйрөсү, үй-бүлөнүн жана достордун колдоосу, көргөн контенти жана жеке психологиялык өзгөчөлүктөрү да таасир этет.

Психологдор өзүн-өзү баалоону жактыруунун саны менен өлчөбөөгө чакырышат. Анткени посттун популярдуулугу жарыяланган убакытка, социалдык тармактын алгоритмдерине, аудиториянын активдүүлүгүнө жана башка көптөгөн факторлорго байланыштуу болот.