Бишкек, 1.10.25 /Кабар/. Изилдөөлөрдүн натыйжасында күн ичинде кофе жана чай ичүү адамдын ден соолугуна оң таасир эте тургандыгы аныкталды. Бул тууралуу кытайлык Sohu медиапорталына таянып, Известия жазды.
Анда белгиленгендей, Пекин медициналык колледжинин изилдөөсүнө ылайык, кофени үзгүлтүксүз ичүү картаюунун деңгээлин 15%га чейин төмөндөтөөрү аныкталган. Ошондой эле 2014-жылкы илимий изилдөөдө дагы кофе терини ультракызгылт көк нурлардан картаюусунан коргоп, пигментацияны азайтарын көрсөткөн. Окумуштуулар муну кофенин курамындагы хлороген кислотасы сыяктуу полифенолдорго байланыштырышкан.
Ошондой эле кофе менен чайды айкалыштырып ичүүнүн пайдасы тууралуу изилдөөлөр да жок эмес. 2021-жылы Тяньцзинь медициналык университетинин окумуштуулары эки суусундук биргеликте колдонулганда инсульт жана деменция коркунучун азайтарын аныктаган. Алар күнүнө 2–3 кружка кофе же 3–5 кружка чай эң жакшы натыйжа берерин белгилешкен.
Адистердин айтымында, кофенин курамында фенолдор, кофеин жана башка биологиялык активдүү заттар болсо, чайда кофеин, катехиндер жана флавоноиддер бар. Алар нейропротектордук таасир берип, мээнин иштөөсүн жакшыртат.
Мындан сырткары, 2020-жылы япон окумуштуулары көк чай менен кофенин кант диабети менен ооругандарга пайдалуу экендигин аныкташкан. Ага ылайык, күнүнө 4төн ашык кружка көк чай же 2ден көп кружка кофе ичкен диабетиктердин өлүм коркунучу беш жыл ичинде 63%ке төмөндөгөн. Окумуштуулар муну көк чайдагы фенолдук кошулмалар, теанин жана кофеиндин антиоксиданттык, сезгенүүгө каршы жана клеткаларды коргоочу касиеттери менен түшүндүрүшөт.
Ошол эле учурда, адистер кофеинди ашыкча колдонбоону эскертишет. Күндүк нормасы 210–400 мг, бул 1–3 кружка кофе же болжол менен 12 грамм чайга барабар. Аны күндүн биринчи жарымында, 3–4 жолу бөлүп ичүү сунушталат. Себеби организмде кофеиндин толук сиңиши 8–10 саатка созулат, кечинде ичкен учурда уйкуну бузушу мүмкүн.
Ошондой эле алар көк, кара же улун чайын өз кол менен демдеп, ал эми кофени кантсыз же аны аз эле өлчөмдө кошуп ичүүнү сунушташат.