Кыргызстанда июль айынын аягына чейин күтүлгөн аба ырайы

Коом Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 17:30
722217683_387555850_57P3SQF.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы алдыда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, өлкөдөгү аба ырайынын температурасы өзгөрмөлүү болот.

Чүй жана Талас облустары

25-июлда айрым жерлерде жана 26-июлда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 27-июлда жаан-чачын болбойт. 28 жана 31-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 29-30-июлда жаан-чачын болбойт.

WhatsApp Image 2026-07-24 at 17.46.38

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

25-31-июль күндөрү түнкүсүн негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. 25-26-июлда Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 27-31-июль аралыгында тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Жалал-Абад облусунда болсо 31-июлда гана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

WhatsApp Image 2026-07-24 at 17.46.31

Ысык-Көл жана Нарын облустары

25-31-июль аралыгында түнкүсүн негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз 25-30-июлдары айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, ал эми 26-июлда Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт. 31-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда нөшөрлүү жаандан улам тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу сакталат.

WhatsApp Image 2026-07-24 at 17.46.45