IV Элдик курултайга даярдыктар. Делегаттарга алдын ала күн тартиби сунушталат

Коом Загрузка... 29 Октябрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Өлкө аймактарында жана Бишкек шаарында IV Элдик курултайды өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Делегаттарды шайлоо, курултайды өткөрүү жана координациялоо үчүн уюштуруу комитетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, IV Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча иш-чаралардын планы түзүлүп, жыйындардын графиги бекитилген.

"Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, бардык министрлер жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү комитеттин мүчөлөрү болушкан. IV Элдик курултайдын төрагасы 25-декабрда шайланат. Улуттук кеңештин 17 мүчөсү өздөрүнүн ичинен бирөөнү төрага катары шайлашат. Кезектеги Элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өткөн. Мында курултайды жогорку деңгээлдеги өткөрүү боюнча күн тартибиндеги маселелер каралып, Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планы бекитилген. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди",- деп айтылат уюштуруу комитетинин маалыматында.

Белгилей кетсек, быйылкы IV Элдик курултайдын өзгөчөлүгү курултайга катышуучу делегаттарга алдын ала күн тартиби сунушталат.

“Курултайды өткөрүүгө жана делегаттарды шайлоого даярдык иштери башталды. Азыркы күндө түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Делегаттарды шайлоо жана анын тартиби бекитилүүдө. Бул эми IV курултай болгондуктан, кандай кылып барыш керек, кандай даярдык көрүү керектигин эл бир топ үйрөнүп калды. Быйылкы курултайда делегаттарга алдын ала күн тартиби сунушталган турат. Азыр барыбызга белгилүү болгондой, “Биз жаңы Кыргызстанды куруу багытына түштүк, жаңы Кыргызстанды куруп жатабыз” деп президентибиз өтө көп айтып жатат. Ошол жаңы Кыргызстанды курууда эл кандай болуш керек, элдин максаты кандай болуш керек, руханий дүйнөсү кандай болуп өзгөрүш керек? Жаңы Кыргызстанды курууда жакшы жактарыбыз болгон эмнелерди кармап калып, дагы кандай жаңы элдик мүнөздөрдү пайда кылышыбыз керек? Мына ушулар жөнүндө курултайдын делегаттарына алдын ала сунуш болот. Ушул жагы азыр каралып жатат”,- деп билдирди IV Элдик курултайдын уюштуруу комитетинин мүчөсү Чолпонбек Абыкеев.

Анткени, буга чейинки өткөрүлгөн үч элдик курултайда социалдык көйгөйлөр арбын айтылганы белгилүү. Делегаттар мектеп, бала бакча, жол куруу, таза суу менен камсыздоо сыяктуу калктын муктаждыктарын айтышкан. Бирок, мындай социалдык көйгөйлөр менен чектелбей, курултайда мамлекеттин чоң стратегиялык маселелери көтөрүлүшү керек экендигин тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов билдирди.

"Сөздүн аныгын айтканда биринчи, экинчи, үчүнчү курултайлар курултай деп аталганы менен маңызына жеткен жок. Курултайда мамлекеттин чоң стратегиялык маселелери айтылыш керек эле. Ал эми бизде майда-барат маселелер көтөрүлүп туруп алды. Өлкө башчысы отурса мектеп, көпүрө деп айтып отургандын өзү биздин деңгээлибиздин абдан төмөн экенин көрсөтүп турат. Сөздүн ачыгын айтканда курултай деген эмне экенин биз жакшы биле элекпиз. Курултайды бийликтин бир түрү деп ойлоп жатышат. Бирок, курултай бийликтин бир түрү эмес. Биздин Конституциябыз бар, бийлик бутактарыбыз аныкталган. Кааласак да ал жерге дагы бир бийликтин бутагы катары курултайды кошуп кое албайбыз. Курултай деген улуттук чоң жыйын, улустун чоң жыйыны деп аталып келген. Ал жыйында эң чоң келечектин, актуалдуу бүгүнкү күндүн маселелери козголуп чечим кабыл алынат. Курултайда ушул жол менен барабыз деген мамлекеттин багыты, стратегиясы же тактикасы аныкталган”,- деди Кайыпов.

Белгилүү болгондой, III Элдик курултайда ата мекендик продукцияны экспорттоо, кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба темалары жана аймактардагы элди түйшөлткөн көп түрдүү социалдык маселелер көтөрүлгөн. Бирок, көч бара-бара түзөлүп, курултай өз деңгээлине жетерин мамлекеттик жана коомдук ишмер Накен Касиев белгиледи.

"Экинчи, үчүнчү курултайга делегат болуп катыштым. Көч бара-бара түзөлөт деген ойдобуз. IV Элдик курултайдын алдында эки чоң саясий маселе турат. Биринчиси ноябрь айындагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо, экинчиси кийинки президенттик шайлоо. Бул биздин өлкө үчүн чоң саясий кырдаал. Ушул шайлоолордун алдында “Ырыс алды - ынтымак” деп курултай аркылуу ынтымакты желек катары алып өтүшүбүз керек.

Жакында президенттин уңгу жол тууралуу маанилүү китеби чыкты. Бирок, акыркы курултайларда идеология маселеси айтылган жок. Себеби, көпчүлүгү идеология эмне билбейт да экен. Ошондуктан бул курултайда идеологияны негизги маселе катары алып чыкса деген оюм бар. Себеби, экономика күчтүү өлкөдө идеология болуш керек. Эгер идеология жакшы жолдо болсо, экономика сөзсүз түрдө өсүштө болот. Ошондуктан уңгу жолду негизги маселе кылышыбыз керек. Майда-чүйдө социалдык иштерди өкмөт өзү жасап жатат. Ошондуктан нарк-насил сыяктуу негизги маселени, акыркы президент кабыл алган жарлыктарды негиз кылып уңгу жолду жакшылап талкууласак”,- дейт Касиев.

Уюштуруу комитети кошумчалагандай, учурда делегаттарды шайлоо боюнча иш-чаралардын планына жараша өлкө аймактарында жергиликтүү жамааттын жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча жыйындар өтүүдө. Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, борбордун төрт районунда 17-22-октябрь күндөрү Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча тургундардын жыйындары өтүп, жалпы 500 өкүл шайланган. Ал эми шаардын жергиликтүү жамаатынын жыйыны ушул жылдын 1-ноябрына белгиленген.

Эскерте кетсек, IV Элдик курултай Бишкек шаарында 25-декабрда өтөт. 2023-жылы кабыл алынган “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, курултайга жер-жерлерден шайланып келген 700 делегат катышат.