Италиялык компания Кыргызстанда инвестдолбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Экономика Загрузка... 03 Февраль 2026 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте таштандыларды кайра иштетүү боюнча инновациялык жана экологиялык таза технологияларга адистешкен TRITOR S.R.L. италиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жолугушууга шаар мэрияларынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечегин, “жашыл” технологияларды киргизүүнү, катуу тиричилик жана медициналык калдыктарды кайра иштетүүнү, ошондой эле пилоттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

“Таштандыларды кайра иштетүү маселеси учурда өзгөчө курч маселелердин бири. Кыргызстан заманбап, экологиялык коопсуз технологияларды киргизүүгө кызыкдар. Биз үчүн жөн гана идеялар эмес, жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырууга боло турган иш жүзүндө натыйжа берген чечимдер маанилүү. Биз кызматташууга ачыкпыз жана мындай долбоорлорду ишке ашыруунун бардык баскычтарында коштоп берүүгө даярбыз”- деди, агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен TRITOR S.R.L. компаниясынын ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ суткасына 200 тоннага чейин сорттолбогон тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну, цемент ишканаларында альтернативдүү экологиялык таза отунду колдонууну, полигондорду рекультивациялоо жана тазалоо боюнча заманбап чечимдерди киргизүүнү, ошондой эле мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык калдыктарды кайра иштетүү долбоорлорун ишке киргизүүнү карайт.

Мындан тышкары, жергиликтүү кадрларды даярдоо жана окутуу, инвестицияларды тартуу жана каржылык процесстердин ачыктыгын камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.