Италияда жанар тоонун атыларына окумуштуулар кабатырланууда

Дүйнө 30 май 2025 09:40
Италияда жанар тоонун атыларына окумуштуулар кабатырланууда

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Кампи-Флегрей вулканынын аймагында сейсмикалык активдүүлүктүн көбөйүшү адистерди кабатыр кылууда. Бул тууралуу Daily Star гезити кабарлаганын Известия жазды.

Маалыматта белгиленгендей, окумуштуулар жанар тоо атылса ага жакын жашаган миллиондогон адамдарга кесепетин тийгизерин эскертип жатат.

40 миң жыл мурда Флегрей талаасында жанар тоонун атылышы Жер планетасындагы ири кыйроолордун бири болуп калган. Ал азыр кайталанса Италиядан башка аймактарга да кесепетин тийгизмек деп айтылууда.

Акыркы жарым жылда бул региондо 3 миңден ашык жер титирөө катталган. Ал эми май айында акыркы 40 жылда биринчи жолу 4,4 баллга жеткен зилзала болду.