Италияда кышкы Олимпиада жыйынтыкталды. Кайсы өлкө алдыда?

Спорт Загрузка... 23 Февраль 2026 09:42
photo_2026-02-04_00-52-35.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. 22-февралда Италияда кышкы Олимпиада оюндары аяктады. Спорттук мелдештер Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарларында өттү.

Анда Норвегия курама командасы 41 медаль менен медаль алуу боюнча биринчи орунду ээледи. Анын ичинен 18и алтын, 12си күмүш жана 11и коло.

Экинчи орунду 12 алтын, 12 күмүш жана 9 коло медаль менен АКШ курама командасы ээледи. Ал эми үчүнчү орунду Нидерланддар курама командасы алды. Өлкөнүн спортчулары 10 алтын, 7 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышты.

Оюндарга Кыргызстандан 2 спортчу катышты. Алар улуттук курама команданын мүчөлөрү Тимур Шакиров (тоо лыжасы) жана Артур Сапарбековдор (лыжа жарышы).

Белгилей кетсек, кышкы Олимпиада оюндарына 92 улуттук командадан 2 900дөн ашуун спортчу катышты. Уюштуруучулардын болжолу боюнча, оюндарды көрүү үчүн Италияга 2 миллионго жакын күйөрман келди. Мелдештерге билеттердин баасы 30 доллардан 1400 долларга чейин сатылды.