Италияда 25-кышкы Олимпиада оюндары башталды

Спорт 07 Февраль 2026 11:24
34770405365579.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
34770404976350.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
34770405325754.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
34770405943705.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
34770406767906.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
34770406918457.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
34770410115842.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
34770414420744.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
34770416915853.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
34770417083674.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
34770417162947.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Getty Images

Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Италияда 25-кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө башталды. Ачылыш аземи жума күнү, 6-февралда Милан шаарындагы 80 миң көрүүчүгө ылайыкталган "Сан-Сиро" стадионунда өттү.

Ошол эле учурда салтанаттын айрым бөлүктөрү, анын ичинде катышуучу өлкөлөрдүн парады дагы үч кабыл алуучу шаарда — Кортина-д’Ампеццо, Предаццо жана Ливиньодо өттү. Калктуу конуштар бири-биринен кыйла алыс жайгашкандыктан жана айрым мелдештер оюндар ачылганга чейин эле башталгандыктан, көптөгөн спортчулар Миланга келе алышкан жок. Бардык аянтчалар жалпы телеберүү аркылуу бириктирилди.

Музыкалык программа классика менен заманбаптуулукту айкалыштырды: Вивальди жана Россининин чыгармалары жаңырып, Мэрайя Кэри жана италиялык рэпер Гали сыяктуу белгилүү аткаруучулар өнөрлөрүн көрсөтүштү. Салтанаттын туу чокусу тенор Андреа Бочеллинин Пуччининин "Турандот" операсындагы Nessun dorma ариясын аткаруусу болду.

Программага ошондой эле Италиянын желегинин түстөрүндөгү мода дефилеси кирди. Моделдер өткөн жылдын сентябрь айында 91 жашында дүйнөдөн кайткан дизайнер Жоржо Арманинин элесине таазим катары Armani үйүнүн коллекциясын тартуулашты. Бул бренд 2026-жылкы кышкы оюндарда Италия курама командасынын расмий кийим камсыздоочусу болуп саналат.

Аземдин соңунда Олимпиада оту тарыхта биринчи жолу бир убакта эки жерде — Миландагы Тынчтык аркасында жана Кортина-д’Ампеццодогу Дибона аянтында тутандырылды.

Жабылыш аземи Веронадагы эки миң жылдан ашык тарыхы бар антикалык амфитеатрда өтөт. Аны 12 миңге чукул көрүүчү тамашалай алат. Бул Олимпиаданын ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объектиде аяктаган биринчи учуру болуп калат.

Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Италияда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарынын негизги ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын алдында Казыбек Молдажиев кыргызстандык спортчулар Артур Сапарбеков менен Тимур Шакировго Олимпиада оюндарында ийгиликтерди каалап, алар Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтөрүнө ишеним билдирди.