Бишкек, 02.06.26 /Кабар/. Бүгүн Италияда өлкөнүн эң маанилүү мамлекеттик майрамдарынын бири — Республика күнү (Festa della Repubblica) белгиленүүдө. Быйыл италиялыктар республика түзүлгөнүнүн 80 жылдыгын майрамдап жатышканын, Казинформ маалымдады.
Тарыхый маалыматтарга ылайык, 1946-жылдын 2-июнунда Италияда жалпы элдик референдум өткөрүлүп, жарандардын көпчүлүгү монархиялык башкаруудан баш тартып, республика түзүүнү колдогон. Добуш берүүгө өлкө тарыхында биринчи жолу аялдар да катышкан. Натыйжада 12,7 миллионго жакын адам республика үчүн добуш берсе, 10,7 миллион адам монархияны сактап калууну жактаган. Шайлоочулардын катышуусу дээрлик 89 пайызды түзгөн.
Бул чечим фашисттик режим кулап, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки жаңы доордун башталышы болгон. Ал эми Италиянын Конституциясы 1948-жылдын 1-январында күчүнө кирген.