Бишкек 28.07.25 /Кабар/. Испаниянын түштүк жээктеринде жана Гибралтар кысыгында Түштүк-Чыгыш Азиядан келген Rugulopteryx okamurae балыры массалык түрдө жайылууда. Бул тууралуу The Guardian кабарлаганын Известия агенттиги билдирет.
Май айынан бери Кадистеги Ла-Калета пляжынан 1200 тонна балыр чыгарылган. Бул өсүмдүк Европага Сууэц каналы аркылуу өткөн кемелердин балласт суусу менен келген.
Акыркы он жылда ал Канар аралдарына, Азор архипелагына, Кантабрия деңизине жана Баск өлкөсүнө чейин тараган.
Ал торлорду тоскондуктан балык уулоо кыйындап, деңиз жандыктары кырылууда. Туризм да жабыркап, Кадис менен Тарифада сүзүү жана серфинг мүмкүн болбой калганы айтылат.
Rugulopteryx okamurae жергиликтүү өсүмдүктөрдү сүрүп чыгарып, табигый душмандары жок болгондуктан аны көзөмөлдөө да кыйын болууда.