Испаниялык аял 15 миңден ашык жумуртка чөйчөгүн чогултуп, Гиннестин рекорддор китебине кирди

Дүйнө Жүктөлүүдө... 10 Июль 2025 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Испаниялык Мария Хосе Фустер аттуу аял жумуртка чөйчөктөрүн чогултуп, Гиннестин рекорддор китебине кирди. Рекорддор китебинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 50 жыл ичинде аял 15 485 буюм чогулткан, алардын ар бири дизайн, форма, материал же тарыхы менен айырмаланып турат.

Мариянын атасы Германияга болгон сапарынан кызына биринчи чөйчөктү алып келген. Ошондон тарта Мария ар кандай формадагы жана өлчөмдөгү чөйчөктөрдү коллекциялап баштаган.

Бүгүнкү күндө 1100дөн ашык эң баалуу чөйчөктөр жергиликтүү музейде көргөзмөгө коюлган. Фустердин пикиринде, жумуртка чөйчөктөрү жөн гана буюм эмес, доорду, стилди жана адамдын фантазиясын чагылдырган маданий экспонаттар. Ал коллекциясын мындан ары да толуктай берерин айтат.