Испаниядагы өрт дүйнөлүк мурастардын объекттерине коркунуч жаратууда

Дүйнө 12 август 2025 10:30
Испаниядагы өрт дүйнөлүк мурастардын объекттерине коркунуч жаратууда

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Испаниянын Леон провинциясындагы өрттөн улам жашоочулар эвакуацияланууда.

Еuronews маалымдагандай, Испаниянын түндүк-батышындагы ири тилсиз жоого байланыштуу 1650дөй адам эвакуацияланды.

Өрттүн кесепетинен жабыркаган аймактардын ичинде Каруседо муниципалитетиндеги Лас-Медулас тарыхый комплекси бар. Комплекс 1997-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Ал жерде I-III кылымдарда римдиктер алтын казышчу. Комплекске жыл сайын миңдеген туристтер келет.

Өрт 10-августта Ерес шаарына жакын жерде башталып, аба ырайынын ысыгынан жана катуу шамалдан улам тез жайылып кетти.

Учурда өрттү өчүрүүгө ондогон өрт өчүрүү бригадалары, авиация жана аскер кызматтары тартылды.

Ушундай эле өрт Испаниянын башка региондорунда да катталды.