Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Испанияда токойдогу өрттүн аянты 410 миң гектарга жетти. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.
Маалыматка караганда, өрт 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик он эсеге өстү.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес буга чейин өлкөдө өрт боюнча кырдаал олуттуу бойдон калып жатканын билдирген.
Español гезити өрттөн улам өлкөнүн бир катар аймактарында миңдеген адамдар эвакуацияланганын жазды.
Статистикалык маалыматтар боюнча, январдан июлдун аягына чейин өлкөдө кеминде 252 өрт кырсыгы катталып, негизинен Испаниянын түндүгүндө жана батышында 411 миң 315 гектар жер күйүп кеткен.
2024-жылы 42 615 гектар жер 219 өрт кырсыгына кабылган.
2025-жылы өрттөн жабыркаган аянт 2022-2023-жылдардагы көрсөткүчтөрдөн ашып кетти (2023-жылы - 91 220 га, 371 өрт, 2022-жылы - 493 өрт, 306 555 га).