Исламабадда кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык жыйынына даярдык маселеси талкууланды

Саясат Загрузка... 24 Апрель 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-04-23 at 15.10.22 (1).jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын Экономика боюнча федералдык министринин орун басары Мухаммад Умаир Карим менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы 12-13-майда Исламабад шаарында өтө турган кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 5-жыйынына даярдык маселелерин талкуулашты.

Анда жыйынды уюштуруу аспектилерине, күн тартибин макулдашууга жана мазмундуу, натыйжалуу диалогду камсыз кылуу максатында биргелешкен аракеттерди координациялоого өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору ортосундагы активдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешип, эки тараптуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган так чечимдерди иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилешти.