Ишкерден 1,5 млн сом опузалаган жалган милиционерлер кармалды

Укук тартиби 22 декабрь 2025 15:55
602896163_1261100026038996_6747719548629183012_n.jpg
602903515_1261100029372329_1790231435236979248_n.jpg
602315519_1261100056038993_4088904739043078859_n.jpg
603031161_1261100032705662_6697149769408210056_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Бишкекте 100 миң доллар опузалаган "жалган милиционерлер" кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, жаран Н.А.Э. милицияга кайрылып, өздөрүн укук коргоо кызматкери катары тааныштырган адамдар 100 миң доллар талап кылып жатканын билдирген. Шектүүлөр ишкерди "бизнести рейдерлик жол менен тартып алууга аракет кылган" деп айыптап, интернетке жаманатты кылган видео чыгарабыз деп коркутушкан.

Ыкчам иш-чаранын натыйжасында 1,5 млн сом алып жаткан учурда Р.С.А. кармалды. Анын шериги А.Р.К.нын үйүн тинтүүдө милициянын капитанынын жасалма күбөлүгү, куралга уруксат кагазы жана УКМКнын жетону табылган. Эки шектүү тең камакка алынып, тергөө жүрүүдө.