Ирландия көмүр колдонуудан баш тартып, акыркы электр станциясын жапты

Дүйнө Загрузка... 08 Июль 2025 10:45
WhatsApp Image 2025-07-08 at 09.57.40.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Ирландия көмүр менен иштеген 915 МВт кубаттуулуктагы электр станциясын жапты. Муну менен аталган өлкө көмүр дооруна чекит койду. Бул тууралуу Еuronews маалымдады.

Анда айтылгандай, Клэр шаарындагы Moneypoint электр станциясы 1980-жылдары курулган. Кайра жаралуучу энергия булактарынын өнүгүшү менен кара отунга болгон суроо-талап кескин кыскарган. Өткөн жылы шамал энергетикасы Ирландиянын электр энергия өндүрүшүнүн 37%сын камсыздаган, ошондой эле күн энергиясы да өсүшүн көрсөтүп, рекорддорду жаңылоодо. Муну менен Ирландия Европадагы көмүр пайдаланбаган 15-өлкө болуп калды.

Moneypoint жабылгандан кийин резервдик объект катары саналат жана энергетика система кошумча кубаттуулукка муктаж болгондо иштетилет. Мындай мүмкүнчүлүк 2029-жылга чейин сакталары айтылды.

Ирландиянын көмүрдөн баш тартышы бүткүл Европага үлгү болууда. Анткени 23 мамлекет кара отунду колдонууну токтотуу боюнча милдеттенме алган. Италия да көмүр пайдаланууну токтотту, акыркы электр станциясы ушул жылдын жай айларында жабылышы керек.

Moneypoint`тин жабылышы экологиялык жактан таза ресурстарды колдонуунун жана энергетикалык туруктуу келечекке умтулуунун символу катары эсептеленет.