Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Ирандагы мунай кампаларынын жарылуусунан кийин атмосферага тараган зыяндуу токсиндер жаан-чачын аркылуу жерге түшөт. Бул адамзат үчүн өтө кооптуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине эколог Анара Султангазиева билдирди.

Анын айтымында, мунай заттары сакталган кампалардын жарылышы айлана-чөйрөнү олуттуу зыянга учуратат. Анткени абаны каптаган кара түтүндүн курамында зыяндуу заттар бар.
“Кара түтүн абага тараганда ал жаан же кар аркылуу жерге түшүп, өсүмдүктөр, жан-жаныбарларга коркунуч жаратат. Адамдардын дем алуу органдарын жабыркатып, акырындык менен ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Адамдык факторбу же башка себептерден улам жарылуу болдубу бул элге карата өтө кооптуу абал жаралды. Буга эл аралык коомчулук үн катып, адамдар үчүн чоң көйгөй жаралып жатканын айтышы керек. Анткени кара түтүн шамалдын багытына жараша башка мамлекеттерге жылып кете бериши толук ыктымал”, - деди эколог.
Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында мунай сакталган кампалардын жарылуусунда абага бөлүнүп чыккан химиялык заттардын Борбор Азияга таасир тийгизер-тийгизбешине мониторинг жүргүзүү зарылдыгын айтып чыкты.

“Жамгыр жааганда кислоталуу жаан жаашы мүмкүн деген коркунуч бар. Кайсы аймактарга кооптуулук жаратат? Техникалык жактан мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк барбы? Бул маселени өкмөттүн жыйындарында көтөрүп чыгыш керек деп эсептейм”, - деп белгиледи эл өкүлү.

Эске сала кетсек, 7-мартта Тегерандын түндүк жана батышындагы бир катар мунай кампалары соккуга кабылганы тууралуу маалыматтар ЖМКларга тараган. Жарылуудан кийин шаардын жашоочуларын жаан жааганда көчөгө чыкпоо зарылдыгы эскертилген болчу.