Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегеранды суу тартыштыгы жана калктын өтө жыш жайгашкандыгынан улам башка шаарга көчүрүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу IRNA агенттигине таянып, Известия жазды.
Маалыматта белгиленгендей, “буга чейин да борборду көчүрүү боюнча сунуш айтылган, бирок өкмөттө бул үчүн жетиштүү бюджет болгон эмес. Эми чыныгы кырдаал бизди тандоосуз калтырды”,- деген Пезешкиан.
Анын айтуусунда, учурда Тегеранда суу үчүн чыныгы күрөш жүрүүдө. Ал эми бул ресурстардын туура бөлүнбөстүгүнө жана мамлекеттик деңгээлдеги кризиске алып келүүдө.
Мындан сырткары, ал Либериядагы кырдаалды мисал келтирген. 2024-жылы бул өлкөнүн бир нече сенатору Монровияны башка жакка көчүрүүнү сунуштап, жаңы борбор шаар курууну демилгелешкен. Мунун себеби — тез-тез кайталанган суу каптоолор, калктын жыштыгы жана шаарды башкаруудагы көйгөйлөр болгон.