Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Американын президенти Дональд Трамп Иран менен Израилдин ортосундагы ок атышууну токтотуу күчүнө киргенин айтып, аны бузбоого чакырды. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды.
"Ок атышпоо күчүнө кирди. Суранам аны бузбагыла", - деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.
24-июнга караган түнү АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну токтотууга макул болгонун, ал 24 сааттан кийин "12 күндүк согуштун расмий аякташы" болушу керектигин билдирди.
Ошол эле учурда америкалык New York Times газетасы Израил армиясынын аты аталбаган өкүлү Трамптын Иран менен ок атышууну токтотуу тууралуу билдирүүсүнө комментарий берүүдөн баш тартканын ырастады.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Москва убактысы боюнча таңкы саат 04:00дө ок атышууну токтотуу же аскердик операциялар боюнча келишим жок экенин билдирип, бирок Израил жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 04:00дөн кечиктирбей (Москва убактысы боюнча 03:30) "агрессиясын" токтотсо, Тегеран мындан ары сокку урбай турганын кошумчалаган.