Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Израилдин соккуларынан 4870 киши жаракат алып, 627 адам каза тапты. Бул тууралуу Ирандын саламаттык сактоо министри Хосейн Керманпур билдиргенин Коммерсант гезити жазды.
Маалыматка караганда, көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Тегеранда. Ошондой эле Керманшах жана Хорасанда да каза болгондор көп.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, көз жумгандардын 13,9%ы гана ооруканада каза тапты. Калгандары окуя болгон жерде өлгөн.
Израиль 28 жараны каза таап, 1472 адам жаракат алганын маалымдады.
Белгилей кетсек, Израиль Иранга каршы 13-июнда аскердик операция баштаган. 24-июнда АКШ президенти Дональд Трамп эки мамлекет ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканын айткан. Бирок кийинчерээк ал тараптар сүйлөшүүнү бузушканын белгилеген.