Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Иран 280 млрд куб метрге жакын жаңы газ корлорун ачты. Бул тууралуу Shana маалымат агенттигине таянып, Интерфакс жазды.
Маалыматка караганда, Иран чалгындоо скважинасын сыноодон өткөргөндөн кийин Пазан кенинде газдын корун тапты.
Ирандын мунай жана газ министри Мохсен Пакнежаддын айтымында, жаңы запастар 10 трлн куб фут (болжол менен 280 млрд куб метр) көлөмүндө деп бааланууда.
Пазан кени Бошехр провинциясындагы Жам шаарынан болжол менен 21 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Министр кендеги чалгындоо иштери сегиз жылдан бери жүргүзүлбөгөнүн, тыныгуудан кийин экинчи чалгындоо скважинасынын иши кайра жанданганын белгиледи.
Пакнежаддын пикиринде, бул запастардан газ өндүрүү 40 айдан кийин башталышы мүмкүн.