Бишкек, 12.08.25 /Кабар/. Ирактын Айыл чарба министрлигинин кеңешчиси Махди Дамад өлкөдө суу тартыштыгы курчуп жатканын билдирди. Бул тууралуу Рамблер агенттиги жазды.
Махди Дамаддын айтымында, кургакчылык жана коңшу мамлекеттерден суунун келиши азайганы абалды оорлотууда.
Ал Иран жана Түркия менен сүйлөшүү үчүн атайын топ түзүү керектигин айтты. Ошондой эле ичүүчү сууну аймактарга жеткирүү кыйын болуп, жер астындагы суу запастары түгөнүп баратканы чоң коркунуч жаратарын белгиледи. 2019-жылы жаан-чачындын аркасында суу кору 65 миллиард куб метрге жетсе, азыр суунун агымы да, жаан да абдан аз деп айтылат маалыматта.