Иракта соода борборунан өрт чыгып, 60тан ашык адам каза тапты

Дүйнө 17 июль 2025 17:40
Иракта соода борборунан өрт чыгып, 60тан ашык адам каза тапты
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 17.07.25 /Кабар/. Ирактын Эль-Кут шаарындагы Hyper Mall соода борборунан өрт чыгып, анын кесепетинен 60тан ашык адам каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлаганын Известия басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда беш кабаттуу имараттын өрттөнүп жаткан видеолору тараган. Учурда издөө иштери жүргүзүлүп, өрттүн чыгыш себеби такталууда.