Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Иракта кумдуу бороондун кесепетинен 1800дөн ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен көрүү мүмкүнчүлүгү бир чакырымга чейин төмөндөгөн. Ирактын түштүгүндөгү жана борбордук бөлүгүндөгү шаарлар катуу жабыркаган.
Табигый кырсык Ирактын Нажаф жана Басрадагы эки эл аралык аэропорттун ишин да үзгүлтүккө учураткан.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 1 миң 800дөн ашуун адам дем алуусу начарлап жатканын билдирген.
“Бардык тез жардам кызматтары күчөтүлгөн режимде иш алып барууда”,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ирак БУУ тарабынан климаттын өзгөрүшүнөн эң көп жабыр тарткан беш өлкөнүн катарына кирген. Анткени, өлкө үзгүлтүксүз кумдуу бороон-чапкындарга, суунун тартыштыгына дуушар болууда. Эксперттер Иракта кумдуу бороондордун саны мындан да көбөйүшү мүмкүн деп болжолдойт.