Иордания менен БАЭ Газага 25 тонна гуманитардык жардам берди

Дүйнө Загрузка... 28 Июль 2025 09:00
364d4946-5c02-459a-9649-b4eae59c59e9.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Иордания менен Бириккен Араб Эмираттары Газага 25 тонна гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.

Маалыматка караганда, буга чейин Израилдин Коргоо күчтөрү Газанын жашоочуларына абадан гуманитардык жардам таштоо кайра жанданганын билдирген. Бул ирет учактын жардамы менен ун, кант жана консервалар ташталды.

Күн мурун Иорданиянын куралдуу күчтөрү Газа тилкесине абадан үч ирет гуманитардык жана азык-түлүк жардамын таштаган, алардын бири БАЭ менен биргеликте ишке ашырылган.

Шаршемби күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Газа тилкесинде 2025-жылы аз тамактануунун айынан өлүмдөрдүн кескин көбөйгөнү байкалганын, 5 жашка чейинки балдар арасында 21 өлүм учуру катталганын айткан. Ошондой эле ал Газа тилкесиндеги аз тамактануу менен калктын 10%дан көбүрөөгү жана кош бойлуулардын 20%дан ашыгы жабыркай турганын белгилеген.