Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик майрамына карата Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров мекеменин жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктады.
Агенттиктен билдиришкендей, анда Равшанбек Сабиров мамлекеттик кызматкерлердин өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгилеп, ар бир кызматкер өз милдеттерин жогорку жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана тактык менен аткаруусу зарылдыгын айтты.
"Мамлекеттик кызмат – бул өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган чоң жоопкерчиликти талап кылган иш. Инвестицияларды тартуу, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргызстандын экономикалык потенциалын жогорулатуу багытында ар бир кызматкердин эмгеги маанилүү. Биздин негизги милдетибиз – өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу иш алып барып, туруктуу экономикалык өсүшкө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө салым кошуу", - деди Равшанбек Сабиров
Ал мекеменин кызматкерлерине инвестициялык климатты жакшыртуу, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлор менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле белгиленген милдеттерди сапаттуу ишке ашыруу багытындагы иштерди мындан ары да жоопкерчилик менен улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.