Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жыл башынан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, ошондой эле ишкерлерди инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча окутуп жатат.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына караганда, окутууларда МЖӨ мыйзамдары, долбоорлорду башкаруу жана жеке инвестицияларды тартуу механизмдери каралууда. Талас шаарында базалык курсту 30дан ашык кызматкер аяктап, сертификат алды. Бишкек, Чүй жана Нарын облустарында да атайын тренингдер өткөрүлдү.
Мындан тышкары, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында ишкерлерге инвестиция тартуу, долбоорлорду каржылоо, жер тилкелерин алуу жана уруксат берүүчү документтер боюнча маалымат берилип, консультациялык жардам көрсөтүлдү.
Окутуу жана консультациялык иш-чаралар жыл аягына чейин уланат.