Инфляцияга каршы күрөш: Минкаб менен Улуттук банк чараларды иштеп чыгат

Министрлер кабинети 10 Март 2026 15:15
69afd3b558ec8.jpeg
69afd3b4b9b62 (1).jpeg
69afd3b9e65d9.jpeg
69afd3b9d8fbe.jpeg
69afd3b87fec8.jpeg
69afd3b797108.jpeg
69afd3b6c15f2.jpeg
69afd3b4b9b62.jpeg
Алдыга
Артка
69afd3b558ec8.jpeg
69afd3b4b9b62 (1).jpeg
69afd3b9e65d9.jpeg
69afd3b9d8fbe.jpeg
69afd3b87fec8.jpeg
69afd3b797108.jpeg
69afd3b6c15f2.jpeg
69afd3b4b9b62.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдөгү учурдагы инфляциялык кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Талкууга тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана Улуттук банктын өкүлдөрү катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты жөнүндө толук презентация жасады. Докладда керектөө бааларынын индексине таасир этүүчү тышкы жана ички факторлорго талдоо жүргүзүлүп, жакынкы мезгилге инфляциялык күтүүлөр боюнча божомолдор айтылды.

Баалардын туруктуулугун сактоо фискалдык жана монетардык чаралардын тыгыз координациясын талап кылары белгиленди. Докладды жана ведомстволордун жетекчилеринин пикирин уккан Данияр Амангелдиев экономикалык өсүштүн жогорку темпинин фонунда жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу министрлер кабинетинин талашсыз приоритети болуп саналарын белгиледи.

"Экономиканын динамикалуу өнүгүшү инфляциялык процесстерге катуу көзөмөл жүргүзүү менен коштолушу керек. Биз тышкы шоктордун ички рынокко тийгизген таасирин, айрыкча социалдык маанидеги товарларга тийгизген таасирин азайтууга милдеттүүбүз", - деп белгиледи минкабдын төрагасынын биринчи орун басары. 

Талкуунун жыйынтыгында ал тиешелүү мамлекеттик органдарга баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды ыкчам иштеп чыгууну, азык-түлүк коопсуздугуна жана ички рынокту ата мекендик продукция менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Жыйынтыгында Данияр Амангелдиев макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды өз убагында ишке ашыруу үчүн ведомство жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин эскертти.