Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Индонезиянын Чыгыш Нуса-Тенгара провинциясында болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен 40 миңдей адам үй-жайын таштоого аргасыз болду, деп билдирет Казинформ.
Маалыматка ылайык, кырсыктын курмандыктары кеминде 70ке жетип, дагы 1 182 адам жаракат алган. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланууда.
Дээрлик 12 миң үй жана жүздөгөн коомдук объектилер жабыркаган. Тактап айтканда, 663 билим берүү, 182 медициналык мекеме жана 184 мамлекеттик имарат жабыркаган.
Ошондой эле ондогон башка инфраструктуралар, анын ичинде жолдор жана көпүрөлөр жабыркаган. 40 миңден ашуун тургун үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Учурда жолдорду, энергетиканы, коммуникацияларды жана башка негизги инфраструктураны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.
Жапа чеккендерге тамак-аш, чатырлар жеткирилди.
Эске салсак,15-августта Индонезиянын Чыгыш Нуса-Тенгара провинциясында 7,7 баллдык жер титирөө катталган.