Индонезияда ураган мектепте каза тапкандардын саны 52ге жетти

Дүйнө 6 октябрь 2025 14:25
Индонезияда ураган мектепте каза тапкандардын саны 52ге жетти

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Индонезияда ураган мектепте каза тапкандардын саны 52ге жетти. Бул тууралуу РИА Новости Detik басылмасына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Сидоаржо шаарындагы мектеп-интернатынын урандыларынын астынан укук коргоо органдары дагы жети баланын сөөгүн алып чыкты. Ошону менен көз жумгандардын саны 52ни түздү.

Улуттук издөө-куткаруу операциялары боюнча агенттиктин директору Юдхи Брамантйо билдиргендей, урандылардын астынан аман алып чыгарылган жабыркагандар эвакуацияланган.

Эске салсак, 29-сентябрда Сидоаржо шаарында көп кабаттуу мектептин чатырында ремонт иштери жүрүп жатканда имарат толугу менен ураган калган. Бул маалда мектепте 100дөн ашык бала болгон деп айтылууда.