Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Индонезияда ураган мектепте каза болгондордун саны жети адамга жетти. Бул тууралуу Коммерсант басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, Индонезиянын Ява аралындагы мектептин чатырынын урашынан кийин имаратта 7 кишинин сөөгү табылды. Дагы 57 адам дайынсыз жоголду деп эсептелүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мектептин пайдубалы чатырдагы бетондун салмагын көтөрө албай калгандыктан, имарат урап калган. Бүгүнкү күндө куткаруу иштери жүрүүдө. Ошондой эле окуя иликтенип жатат. Эксперттер конструкциянын сапатсыз болушу кырсыкка себеп болгонун айтышууда.
Белгилей кетсек, кырсык 29-сентябрда Сидоаржо шаарында катталган. Ошол маалда көп кабаттуу мектептин бетон чатырында ремонт иштери жүрүп жаткан.