Индонезияда Семеру вулканы төрт жолу атылды

Дүйнө Загрузка... 15 Сентябрь 2025 10:35
WhatsApp Image 2025-09-15 at 09.13.07.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.09.25 /Кабар/. Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында Семеру вулканы кайрадан төрт жолу атылды. Бул тууралуу Antara агенттигинин байкоо станциясына таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, күлдүн бийиктиги кратердин үстүнөн 800 метрге же деңиз деңгээлинен 4 476 метрге чейин жетти. Күл түндүк тарапты көздөй таралууда. Индонезиянын Вулканология жана геологиялык кырсыктарды азайтуу борбору жергиликтүү тургундар менен туристтерди этият болууга жана вулкандын кратеринен 3 чакырымдай алыс жүрүүгө чакырды.

Буга чейин Семеру вулканы бир күндө сегиз жолу атылганы кабарлаган.

Семеру — Индонезиядагы бийиктиги боюнча төртүнчү, Ява аралындагы эң бийик чоку болуп саналат (деңиз деңгээлинен 3 676 м).