Индонезияда Семеру вулканы бир күндө сегиз жолу атылды

Дүйнө Загрузка... 09 Сентябрь 2025 09:45
V-Indonezii-vulkan-Semeru-za-sutki-izvergalsya-11-raz-i-vybrosil-pepel-na-48-km.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.25 /Кабар/. Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында жайгашкан Семеру вулканы бир сутканын ичинде сегиз жолу атылды. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, вулкан күлү кратерден 800 метр бийиктикке, деңиз деңгээлинен 4 476 метрге чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле күлдөн тараган түтүн түштүк жана түштүк-батыш тарапка тездик менен тараганы белгиленет. Индонезиянын Вулканология жана геологиялык кырсыктардын кесепеттерин жумшартуу борбору жергиликтүү тургундарды аталган жерден 3 чакырым аралыктай алыс болууга чакырды.

Семеру - Индонезиядагы бийиктиги боюнча төртүнчү орунда турган вулкан (деңиз деңгээлинен 3 676 м) жана Ява аралынын эң бийик чокусу болуп саналат.

Индонезия архипелагы 18 миңдей аралдан турат жана ал Тынч океандын оттуу шакегинде жайгашкандыктан, бул аймактын сейсмикалык активдүүлүгү жогору болуп эсептелинет. Аталган аймакта жалпысынан 500дөн ашуун вулкан бар, учурда алардын 130у күчүндө.