Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Индонезиянын Флорес аралында жайгашкан Левотоби жанар тоосу атылып, аба ырайына жана айлана-чөйрөгө олуттуу коркунуч жаратты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, жанар тоонун Левотоби Лаки-Лаки аттуу кратеринен чыккан күл 10 миң метрге чейин көтөрүлүп, деңиз деңгээлинен жалпы бийиктиги 11 миң 584 метрге жеткен. Күл жана түтүн батыш, түндүк-батыш жана түштүк-батыш тарапка кеңири таралууда.
Жергиликтүү бийлик тургундар менен туристтерди коопсуздук эрежелерин так сактоого, расмий көрсөтмөлөргө баш ийүүгө жана дем алуу органдарын коргоо үчүн беткап же респиратор тагынууга чакырды.
Маалымат үчүн: Левотоби жанар тоосу Флорес аралынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан эки чокуга ээ. Анын активдүү чокусу Левотоби Лаки-Лаки деңиз деңгээлинен 1 миң 584 метр бийиктикте, ал эми Перемпуан аттуу жогорку чокусу 1 миң 703 метрди түзөт. Бул экөө бири-биринен 2,1 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан.
Индонезия 18 миңден ашуун аралдан турган дүйнөдөгү эң ири архипелаг болуп саналат. Ал Тынч океандагы "Өрт шакеги" деп аталган сейсмикалык активдүүлүгү жогору аймакта жайгашкан. Өлкөдө жалпы 500дөн ашык жанар тоо бар, алардын 130га жакыны активдүү эсептелет.