Индонезияда Левотоби вулканы кайрадан атылды

Дүйнө Загрузка... 18 Октябрь 2025 15:06
WhatsApp Image 2025-10-18 at 11.13.02.jpeg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.10.25 /Кабар/. Индонезиянын Флорес аралында жайгашкан Левотоби вулканы дагы атылып, 4 миң метр бийиктикке чейин күлүн чачыратты. Бул тууралуу Индонезиянын вулканология жана геологиялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу борборуна таянып, ТАСС жазды.

Маалыматка ылайык, Левотоби Лаки-лаки кратеринен чыккан күл, түтүн батыш, түндүк-батыш жана түштүк-батыш тарапка тароодо. Адистер жергиликтүү тургундар менен туристтерге бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну, ошондой эле дем алуу органдарын коргоо үчүн беткап кийүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Левотоби кош чокулуу вулканы Флорес аралындагы Чыгыш Нуса-Тенгара провинциясында жайгашкан. Анын активдүүрөөк чокусу Левотоби Лаки-лаки (деңиз деңгээлинен 1 584 м) — андан бийигирээк Перемпуан чокусунан (1 703 м) 2,1 чакырым түндүк-батыш жакта жайгашкан.

Дүйнөдөгү эң ири архипелаг болгон Индонезия 18 миң аралдан турат жана Тынч океандын “Оттуу шакеги” деп аталган сейсмикалык активдүү аймагынан орун алган. Өлкөдө жалпысынан 500дөн ашык вулкан бар, алардын ичинен болжол менен 130у учурда активдүү.