Индонезияда Левотоби Лаки-Лаки вулканы атыла баштады

Дүйнө Загрузка... 18 Июнь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-06-18 at 09.16.35.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 18.06.25 /Кабар/. Индонезиянын Чыгыш Нуса-Тенгара провинциясында жайгашкан Левотоби Лаки-Лаки вулканы атыла баштады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, кооптуу жагдайдан улам өлкөнүн Вулканология агенттиги жергиликтүү элге жана туристтерге вулканга сегиз чакырымга чейин жакындоого тыюу салып, тынчтыкты сактоону жана жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүнө баш ийүүнү сунуштады.

Мекеме ошондой эле вулкан коркунучу эң жогорку баскычка көтөрүлгөнүн кошумчалады.