Индонезияда цунами коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланды

Дүйнө Загрузка... 10 Октябрь 2025 10:00
3.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Филиппиндин жээгинде болгон жер титирөөдөн кийин Индонезиянын айрым аймактарына цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилгенин РИА Новости Reuters агенттигине таянуу менен билдирди.

Буга чейин АКШнын Геологиялык кызматы Филиппиндин жээгинде күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болгонун кабарлаган.

Түндүк Сулавеси жана Папуа провинцияларына цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилди. Бул аймактарда бийиктиги 50 сантиметрге жеткен цунами толкундары болуу коркунучу бар.