Бишкек, 7.10.25 /Кабар/. Индонезия өкмөтү TikTok социалдык тармагынын өлкөдө иштөө лицензиясын кайра кайтарды. Бул тууралуу CNBC басылмасына таянып, Интерфакс билдирди.
Маалыматка караганда, компания бийлик талап кылган маалыматтарды толук бергени үчүн уруксат калыбына келтирилген. Буга чейин Индонезиянын байланыш жана санариптик иштер министрлиги TikTok компаниясын талап кылынган маалыматтарды толук бербегени үчүн убактылуу электрондук системанын катталган оператору макамынан ажыраткан эле.
Өкмөттүн расмий билдирүүсүндө: "Чектөөлөр алынгандан кийин TikTok колдонуучулары кадимкидей ишин уланта алышат. Өкмөт санариптик мейкиндиктин ден соолугун, коопсуздугун жана ачыктыгын камсыздоону улантат” — деп айтылат.
Учурда Индонезияда TikTok колдонуучуларынын саны 100 миллиондон ашат.