Индиянын түштүгүндөгү өрттөн кеминде 17 киши каза болду

Дүйнө Загрузка... 19 Май 2025 14:41
7f338da7-7055-4592-a78d-fd03c0fab4b8.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Күн мурун Индиянын түштүгүндөгү Хайдарабад шаарындагы имараттагы өрттөн кеминде 17 киши каза болду. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

“Өрт таңга маал чыгып, Телангана өкмөтүнүн өрткө каршы кызматы окуя болгон жерге шашылыш барган. Алар адамдарды сактап калууга аракет кылышкан. Бирок, өрт кеңири жайылып кеткендиктен, имараттын ичиндеги адамдардын көбү каза болуп калды”, - деп белгилеген Телангана министри Поннам Прабхакар.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт имараттын1-кабатында жайгашкан алтын саткан дүкөндөн чыккан.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, маркумдун жакындарына 2300 доллардан, ал эми жабыркагандарга 580 доллардан төлөп берди.