Индияда учак кырсыгынан бир жүргүнчү аман калды

Дүйнө 13 июнь 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-06-13 at 11.52.03.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-13 at 11.52.03 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-13 at 11.52.03.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-13 at 11.52.03 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Индиянын Ахмедабад шаарындагы учак кырсыгында бир жүргүнчү аман калды. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.

Маалыматка караганда, 40 жаштагы британиялык Вишваш Кумар Рамеш Индиядагы үй-бүлөсүнө конокко келип, агасы Аджай менен үйүнө кайтып келе жаткан.

Белгилей кетсек, бортто 242 адам болгон. Учак медициналык колледждин жатаканасына кулагандыктан, кырсык учурунда кеминде 5 студент-дарыгер каза тапты.

Президент Садыр Жапаров Ахмедабадда жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Күн мурун Air India'нын учагы Ахмедабад шаарынан Лондонго учкан. Учак кулаганга чейин учкучтар кырсык сигналын билдиришкен. Бирок кайра диспетчерлерге жооп беришкен эмес.